Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Зимбабведе президенттин аялынын ич кийими жөнүндө жазган журналистти камашты

Turmush -  Зимбабвенин Мутаре шаарынын полициясы өлкөнүн биринчи айымы Грейс Мугабенин ич кийими жөнүндө макала жазган журналистти камакка алды. Бул тууралуу LIFE.ru. кабарлады.

Маалыматка караганда, журналист Кеннет Ньянгани Зимбабвенин президенти Роберт Мугабенин аялы Грейс Мугабе өзүнүн тарапташтарына жана «Зимбабвийский африканский национальный союз» партиясынын мүчөлөрүнө өзүнүн кийимдерин бергендигин жазган. Журналист буга катар эле, биринчи айым ич кийимдерин да бергендигин билдирген.

Зимбабведеги укук коргоочулар Кеннет Ньянгани биринчи айым Грейс Мугабе ич кийимдерин «секонд-хэндге» тапшыргандыгын жазгандыгы үчүн дүйшөмбү күнү кечинде камалгандыгын билдирип чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 772
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×