Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Бразилияда банк тоноо үчүн 500 метр тоннель казгандар кармалды

Turmush -  Бразилиянын полициясы өлкөнүн тарыхындагы эң чоң акча уурдатуу кылмышын алдын алып калышты.

РБКнын Globo телеканалына шилтеме берүү менен кабарлаганына караганда, Сан-Паулу шаарындагы тоноочулар банкта сакталган 1 млрд реалга (314 млн доллар) жетүү үчүн узундугу 500 метрден ашкан тоннель казышкан. Казуу иштерине алар 1,26 млн доллар каражат кетиришкен. Тоннель Banco do Brasil банкынын кайтарылган акча сактагычына алып бармак.

Полициянын маалыматына караганда, эгер кылмыш ишке ашып калса, бул өлкөнүн тарыхындагы эң ири тоноочулук кылмыш болуп калмак. Тоннель казууга жалпы 16 адам катышкан. Алардын ар бири жумуш үчүн 63 миң доллар чыгарышкан. Бандиттер Сан-Паулунун түштүгүнөн үй сатып алышып, ошол үйдүн ичинен банкты карай каза башташкан. Тоннель менен жер үстүнүн ортосундагы катмар 1,5 метрди түзсө, тоннелдин өзүнүн бийиктиги 2 метрди түзгөн. Анын ичине урап кетпеши үчүн атайын темир жана жыгач тирөөчтөр коюлган. Ашыкча дабыштар чыкпашы үчүн тоннель кол менен казылган. Бир нече айга созулган иш тууралуу жергиликтүүлөр эч кандай шек алышкан эмес.

Globo телеканалынын маалыматына караганда, кылмышкерлер акча сактоочу жайга өтө жакын келип калышкандыктан сактоочу жайдын полунда жаракалар кете баштаган. Алар банкты 5-октябрда тоноону пландашкан. Бирок кылмыштын бети 2-октябрда ачылып, тоннель белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 892
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×