Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Видео - Сауд Арабиянын падышасы түшкөн учактын трап-эскалатору бузулуп калды

Turmush -  Сауд Арабиянын падышасы Салман ибн Абдель Азиз Аль Сауд кечээ, 4-октябрда Россиянын Москва шаарындагы өкмөттүк «Внуково-2» аэропортуна учуп барган. Ал учактан жерге түшүп бара жатканда трап-эскалатор токтоп калды. Ошол учурда тартылган видеотасманы россиялык RT телеканалы YouTube видеохостингине жарыялады.

Падыша трап токтоп калгандан кийин бир аз убакыт күтүп туруп, андан кийин эскалатор аркылуу өзү басып түштү. Аны Россиянын президентинин Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов баштаган топ тосуп алышты. Ошондой эле, атайын күзөт коюлган. Падыша аэропорттон дароо мейманканага кеткени маалымдалды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1552
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×