Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Лас-Вегастагы ок атуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Turmush -  Лас-Вегастагы музыкалык фестивалдагы массалык ок атуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2-ноябрда болгон. Анда жергиликтүү 64 жаштагы адам фестивалга келгендерге карата ок чыгарган. Атылган октордон 58 адам каза болуп, 500 адам жабыр тарткан.

Окуя тууралуу:

Американын Лас-Вегас шаарында кантри музыкасынын фестивалына келген көрүүчүлөргө ок атылып, анын кесепетинен 50дөй адам каза болуп, 200дөн ашык адам жаракат алды, деп жазат «Лента.ру» басылмасы.

Маалыматка караганда, ок атуунун үндөрү казинонун жана «Mandalay Bay» мейманканасынын жанынан угулган. Аталган имараттын жанында музыкалык фестиваль өтүп жаткан. Ок атуу сахнада белгилүү ырчы Жейсон Элдин ырдап жатканда башталган. Алгач адамдар аны петарда жарылып жатат деп түшүнүшкөн.

«Сахнадагы топту алып кетип, жарыкты күчөтүүчү аспапты күйгүзүштү. Жардамга дарыгерлерди, кароолчуларды чакырышты, бирок ок атуу токтогон жок», - деди окуянын күбөлөрүнүн бири.

Ал жерде 10-15 мүнөт тынымсыз ок атылган. «Ок атуунун үндөрү биринин артынан бири угулуп жатты. Адамдардын тирүүсү, өлүгү да бири-биринин үстүнө кулап жатты», - деди окуянын дагы бир күбөсү. Тергөөчүлөр массалык өлтүрүүнү жасаган адам мейманкананын 32-кабатында туруп ок чыгарганын аныкташкан.

«Ал автоматтык же бир нече жөнөкөй курал колдонушу мүмкүн. Анын куралды элдин борборуна мээлеп, окту кое берүүчү баскычына басып коюусу эле жетиштүү болду », - деди CNN аскердик талдоочусу Жеймс Галиано.

Полиция кызматкерлери кылмышка шектүү 64 жаштагы пенсионер Стивен Пэддок экендигин аныкташып, ал өлтүрүлгөнүн билдиришти. Анын мейманканадагы бөлмөсүнөн ок атуучу курал табылган. Учурда анын кандайдыр бир экстремисттик топко мүчө экендиги тактала элек. Полиция массалык өлтүрүүнү өзү жалгыз жасагандыгын божомолдоодо. Пэддок Невада штатынын тургуну. Ал федерациялык полициянын маалыматтар базасына кирген эмес, бирок жергиликтүү сакчылардын бардыгы аны таанышкан. Тергөөчүлөр Пэддоктун Мэрилу Дэнли аттуу аялы бар экендигин аныкташты. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.

Аталган окуя АКШнын тарыхындагы эң көп адам көз жумган учур болду. Буга чейин 2016-жылдын 13-июнунда афганистандык Омар Матин АКШнын Орландо шаарындагы гей-клубдун ичиндеги 49 адамды атып өлтүргөн. Ал кылмышты жасаганга чейин тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмунун жетекчиси Абу Бакру аль-Багдадиге ант берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 373
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×