Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Россия Сауд Арабиянын делегациясын мейманканага жайгаштырууга 3,3 млн доллар сарптады

Turmush -  Россиянын Москва шаарына иш сапары менен барган Сауд Арабиянын делегациясын беш жылдыздуу мейманканаларга жайгаштырууга 2,5-3,3 млн доллар сарпталды. Муну OneTwoTrip саякат тейлөө кызматынын адистери санап чыкты.

Маалым болгондой, 1 миң кишиден турган делегацияга 81 жаштагы сауд падышасы жетекчилик кылып, алар Ritz Carlton, Four Seasons, St. Regis жана «Националь» мейманканаларына жайгашты. Four Seasons мейманканасындагы бөлмөлөрдүн бардыгы аталган делегеция үчүн сатылып алынып, анын 3 күндүк баасы 738 миң долларды түздү. Аталган мейманканада 180 бөлмө бар.

Алардын ичинен 39 бөлмө — люкс, 139 бөлмө — жөнөкөй, бирөө президенттик жана бирөө падышалык люкс бөлмө. Маалыматта бир сутка үчүн стандарт бөлмөлөргө 35-60 рубль, люкс бөлмөлөргө 80-200 миң рубль төлөнөөрү белгиленген. Ошондой эле, падышанын сапарына байланыштуу бөлмөдөгү килем жана эмеректер алмаштырылганы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 742
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×