Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Моңголиянын балбаны 300 кг салмактагы төөнү көтөрдү

Turmush -  Моңголиянын Баянхонгор аймагында өткөн төө фестивалда жергиликтүү балбан 300 кг салмактагы төөнү көтөрдү. Бул тууралуу ARD маалымдады.

Маалыматка караганда, төө көтөрүү сынагына 10 балбан катышкан. Алардын ичинен 28 жаштагы М.Эрдэнэбаяр салмагы 300 кг болгон төөнү 5 мүнөткө чейин көтөрүп турду. Балбан төөнү дагы бир топ убакытка чейин көтөрүп тура алмак. Бирок төө тынч тура албай туйлай баштаганда көрүүчүлөр балбандан төөнү кое берүүнү суранышты.

монгол

монгол1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 591
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 12 адам окуп жатат)
×