Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Сауд Арабияда падышанын хан сарайына кол салуу болуп, 2 адам каза болду

Turmush -  Сауд Арабиянын падышасынын Жидда шаарындагы хан сарайына куралдуу кол салуу болуп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Reuters маалымдады.

Маалыматка караганда, «Калашников» автоматы менен куралданган адам падыша Сальман ибн Абдул-Азиз Аль Сауддун хан сарайына «Hyundai» үлгүсүндөгү унаа менен кирип кол салган. Андан 2 кароолчу өлүп, үчөө жарадар болду. Кол салуучунун жанынан автоматтан тышкары күйүүчү зат куюлган 3 бөтөлкө табылган.

Кийинчерээк кол салган адам Сауд Арабия падышачылыгынын 28 жаштагы жараны Мансур бин Хассан Аль-Амери экендиги такталды. Анын кандайдыр бир экстремисттик топтор менен катыштыгы аныктала элек.

Жидда шаары чоңдугу боюнча Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарынан кийинки экинчи шаары. Шаар Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан.

5-7-октябрь күндөрү Сауд Арабиянын падышасы Сальман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд Москвага расмий иш сапар менен барган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 578
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 11 адам окуп жатат)
×