Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Казакстандын премьер-министри Кыргызстандын президентине жооп кайтарды

Turmush -  Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү боюнча расмий маалымат таратты. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтү жарыялады.

Б.Сагинтаевдин билдирүүсүндө: «Ушул жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу айрым аспектилерге байланыштуу сылык эмес жана достукка жатпаган билдирүү таратты.

Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүн жактаганымды билдирүү менен, президенттин шайлоонун алдындагы чагымчылдык, жоопкерчиликсиз жана жалган пикири өлкөлөрүбүздүн кылымдарды карыткан достугуна зыянын тийгизбеши керек деп ишенем.

Буга байланыштуу дароо кыргыз коомчулугуна Казакстандын экономикасындагы реалдуу өсүштөр тууралуу маалымдагым келди. Көз карандысыздык жылдарында биздин экономика 20 эсеге өстү. Казакстан 2012-жылы дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук бере алган 50 өлкөнүн катарына кирди.

Өлкөдө күчтүү улуттук экономикалык бизнес түзүлгөн. Бүткүл дүйнөлүк банктын «Doing Business» рейтингинде Казакстан 35-орунда турат.

Бүгүнкү күндө ишкерчиликтеги 1,3 млн түзүм улуттук байлыктын ¼ бөлүгүн өндүрөт», - деп айтылат.

Билдирүүнүн түп нускасы казак тилинде бул шилтемеде (орус тилинде бул шилтемеде).

Окуя тууралуу:

7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде А.Атамбаев Казакстанда Бакиевди колдогондор бар экени тууралуу пикирин айткан.

«Казакстандын бийлиги Бакиевди жакшы көрөт. Бакиевчилер азыркыга чейин Казакстанда майрамдарды уюштуруп жүрүшөт. Мен жада калса Казакстандагы жогорку бийлик өкүлдөрүнөн Бакиевдерди элди атканы туура дегендерин уккам. Себеби биз казак элине жаман үлгү болуп жатабыз. Нурсултан Назарбаев Алматанын ички дүң продукциясы Кыргызстандан 5 эсеге көп, Казакстандын экономикасы Кыргызстандан 20 эсеге чоң экенин туура айтып жатат. Анда эмне үчүн Казакстанда пенсия 10 эсе эмес, болгону 1,5 эсе, тарифтер 5 эсеге көп? Анткени Казакстандын байлыгы уурдалып жатат», - деди А.Атамбаев.

А.Атамбаев кесиптеши Н.Назарбаевдин жаш президент келсин деген пикирин колдой турганын кошумчалады.

«Бирок биздеги эң улуу талапкер Назарбаевден 20 жашка кичүү. Ал эми, мен 16 жашка. Казактар биздин бир тууган, биз тарыхты билебиз», - деп кошумчалады А.Атамбаев.

Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев: «Казакстандык миллиардер Утемуратовго жүгүнүүгө биздин сариевдер, бабановдор жана башкалар барып жатышат», - деп билдирген.

«Ошол эле учурда убагында 2009-жылы шайлоого жоопкерчиликтүү болгон адамдар жалаа жаап жатышканын көрүп жатабыз. (2009-жылдын 23-июлунда президенттик шайлоо өтүп, анда К.Бакиев жеңишке жеткен — ред.) Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов жана өкмөттүн министри, бакиевчи — Бакыт Төрөбаев», - деди президент.

Балким, президенттин мындай айтканына интернетте пайда болгон телефон аркылуу сүйлөшүүнүн 2 аудиожазуусу (интернетке тараган аудиожазуулар) себеп болгондур. Биринчи аудиожазуудагы үн президенттикке талапкер Темир Сариевдин, экинчи аудиожазуудагы үн президенттикке талапкерликтен баш тарткан Бакыт Төрөбаевдин үнүнө окшош болгон.

Т.Сариевдин штабынан бул сүйлөшүүнүн Кыргызстандын саясатына жана шайлоосуна эч кандай тиешеси жок экенин билдиришти.

«Т.Сариев менен Б.Утемуратовдун сүйлөшүүсү жазылган аудиожазуу интернетке качан жана ким аркылуу таратылганы белгисиз. Анын Кыргызстандын саясатына эч кандай тиешеси жок экени көрүнүп турат. Эки тарап сүйлөшүүдө саясатка тиешеси жок, жеке маселелерди талкуулап жатышат. Буга байланыштуу ар кандай ушактарды комментарийлөөнүн кажети жок», - деп билдиришти штабдан.

Өз кезегинде Төрөбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмаз Конутаев сүйлөшүүдө Төрөбаев катышып жатканы күмөн экенин айтты.

«Бул анын үнү эмес.. Интонация, сүйлөгөнү дал келбейт...», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11825
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×