Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Тажикстандык чиновник мечитти жабууну талап кылып адамдарды ашатып сөктү (видео)

Turmush -  Интернетте тажикстандык чиновник мечиттин короосунда башка адамдарды ашатып сөккөн тасма пайда болду. Бул тууралуу тажик ЖМКлар маалымдады.

Маалыматка караганда, тасмага костюмчан чиновник мечитке келгендерди сөгүп, коркутуп жатканы тартылган. Ал мечитке келгендердин бирине «Эгер мени дагы бир жолу кыжалат кылсаң барыңарды...» деп сөккөнү угулат. Сөгүү уккандардын бири ага анын жүрүм-туруму боюнча бийликке кайрыла тургандыгын айтса, «Мечитти жапкыла, болбосо бардыгыңарды... Силердин молдоңорду дагы… Мен силерге 6 айдан бери эскертип жатам. Кайда барсаңар ошол жакка даттангыла. Бардыгыңарды салафиттер деп жарыялайм» деп жооп берет.

Кийинчерээк аталган чиновник Рудаки районунун Чоряккорон айылынын салт-санааларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Шокирджон Холдоров экендиги такталды. Тиешелүү түзүмдөр аталган тасма боюнча ички териштирүү иштерин башташты.

Шокирджон Холдоров райондун администрациясына чакырылып, түшүндүрмө берүү учурунда аталган мечит ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксаты жок, мыйзамсыз иштей тургандыгын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 698
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 12 адам окуп жатат)
×