Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Видео — Түркмөн президенти Г.Бердымухамедов В.Путинге күчүк белек кылды

Turmush -  Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Россиянын президенти Владимир Путинди 65 жашка чыгышы менен куттуктап, түркмөн алабай породасындагы күчүк белек кылды. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады.

«Эгер уруксат берсеңиз мен жагымдуу миссиядан баштайын деп турам. Бир аз убакыт мурда сиздин туулган күнүңүз болду. Ошондуктан мен сизге бекем ден соолук, ийгиликтерди, бардык жакшылыктарды каалайм.

Мен бүгүн өзүм менен кошо кичинекей алабай ала келдим. Анын аты Верный. Бул ат силерде да популярдуу деп ойлойм. Биз Азия оюндарын өткөрүп жатканда негизги символ алабай болду. Прессага көрсөтө берейин, сизге жагат деп ойлойм. Алар абдан чоң болушат», - деди Бердымухамедов.

В.Путин 7-октябрда 65 жашка толгон. Түркмөнстандын президенти 12-октябрда өтүүчү КМШ мамлекеттеринин башчыларынын отурумуна катышуу үчүн Россиянын Сочи шаарына келген.

Буга чейин президент В.Путинге туулган күнүнө карата Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони экөөнүн сүрөтү тартылган жууркан белек кылган.

им

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1429
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 12 адам окуп жатат)
×