Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баракелде

Россиялык аял дзюдо боюнча турнирде утулуп калган баласын жана калысты ур-токмокко алды (видео)

Turmush -  Интернеттеги дзюдо боюнча турнирден чыккан жаңжал тууралуу тасма көпчүлүктүн назарын бурду. Тасмадан турнирде утулуп калган баласын жана калыстар тобунун мүчөсүн ур-токмокко алган энени көрүүгө болот, деп жазат TopNews басылмасы.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя Россиянын Новгород облусундагы турнирде болгон.

«Учурда энеси уулун ур-токмокко алганы жана калыс менен болгон чыр-чатак тууралуу текшерүү иштери жүрүп жатат. Тасма 9-октябрь күнү сайттардын бирине жана 11-октябрда телеканалдардын биринин сайтына жарыяланган», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, маалыматта текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынары кошумчаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:07,   23.10.2017   ( 11 адам окуп жатат)
×