Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 24.01.2018 09:28 На русском

Россияда адам өлүмү менен коштолгон мушташка катышкан кыргызстандыктардын иши сотко жөнөтүлдү

Turmush -  Россиянын Березник шаарында 2016-жылдын август айында жергиликтүү тургундар менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, бир адам каза болгон. Бул кылмыш иш соттун кароосуна жөнөтүлгөнүн «Московский комсомолец» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жумушчулардын тобу Курулушчулардын күнүн белгилеп жатканда алардын жана Кыргызстандын жарандарынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Жаңжал мушташка айланып, анын кесепетинен бир адам каза болгон.

Шектүүлөргө карата ден соолукка атайын зыян келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү боюнча Березник шаарынын тергөө бөлүмү кылмыш иш козгогон.

«Мушташтын бардык катышуучуларынын өздүгү аныкталды. Аталган кылмыш иш боюнча негизги шектүү катары 5 адам табылды. Алардын бардыгы Кыргызстандын жарандары. Шектүүлөрдүн экөө изделип жатат», - деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иш айыптоо тыянагы менен Березник шаардык сотуна жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×