Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Видео — Казакстандагы катуу сууктан жаныбарлар тирүүлөй тоңуп жатат

Turmush -  Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Казакстандагы катуу сууктан тоңуп өлгөн үй жана жапайы жаныбарлардын видеосун жарыялашты.

Парламенттин депутаты Берик Дүйсембинов ички иштер министри Калмуханбет Касымовго бороон жана катуу суук тууралуу эскертүү берген иш-чараларды даярдоо боюнча кайрылуу жасады.

«Бул күндөрү Казакстанда жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирген аномалдуу суук болуп жатат. Социалдык түйүндөрдө үй жана жапайы жаныбарлардын сууктан тоңуп өлгөн видеолору жарыяланууда. Кыш мезгилинен баштап куткаруучулар жергиликтүү аткаруу органдары жана жол кызматы менен бирге кар күрткүсүнөн 5 500дөн ашык адамды алып чыгышты. Алардын ичинен 439у жаш балдар», - деди Б.Дүйсембинов палатанын отурумунда.

Казакстандын түндүгүндө жана чыгышында абанын төмөнкү температурасы -35 градуска жетти.

22-январдан баштап катуу суук өлкөнүн борбордук, түштүк-чыгыш жана түштүк аймактарында күч алып баштаган. Буга чейин премьер-министр Бакытжан Сагинтаев катуу суукка байланыштуу бир катар тапшырмаларды берип, мекеме-ишканалардын жетекчилеринен кызматкерлерди жумуштан эртерээк чыгарууну суранган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4463
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×