Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Казакстандагы катуу сууктан кыргызстандык жүргүнчүлөр бараткан автобус бузулуп калды

Turmush -  Казакстандагы катуу сууктан Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын ташып бара жаткан автобус бузулуп, анын жүргүнчүлөрүнө куткаруучулар тарабынан жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Pavlodar.kz басылмасы жазды.

Павлодар облусунун өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, «Van Hool» үлгүсүндөгү автобус 24-январь күнү эртең менен Кызылорда—Павлодар унаа жолунун 47-чакырымында бузулган. Анын май куюучу аппараты тоңуп калган.

Автобустун жүргүнчүлөрү Новосибирск—Шымкент маршруту менен бара жаткан экинчи автобуска которулду.

«Аталган 2 автобус Павлодар облусунун өзгөчө кырдаалдар департаментинин коштоосунда Новосибирск—Шымкент маршруту менен бара жаткан. Автобус бузулган жерге Аксу районунун куткаруучулары жиберилди», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, адамдар жабыркаган жок.

Учурда Астана шаарында күндүз абанын төмөнкү температурасы -34 градус болуп жатат. Кечээ, 24-январда Казакстандын түндүгүндө жана чыгышында абанын төмөнкү температурасы -35 градуска жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3935
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×