Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Ташкентте денесинен 13 ийне алынган 11 айлык наристе көз жумду

Turmush -  Өзбекстандын Ташкент шаарындагы ыкчам медициналык жардам илимий борборунун жандандыруу бөлүмүндө оор операциядан кийин денесинен 13 ийне алынган 11 айлык наристе көз жумду. Бул тууралуу Демократия жана адам укуктары институтунун директору Сайера Ходжаева социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.

«11 айлык наристе денесинен ийнелерди алуу боюнча операциядан кийин көз жумду», - деп жазды С.Ходжаева.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, бул факты боюнча кылмыш иш козголду.

Буга чейин Өзбекстандын Фергана облусунда жаш үй-бүлөнүн 11 айлык баласынын денесинен 16 ийне табылганын kun.uz басылмасы жазып чыккан. Маалыматка караганда, тынчсызданган наристенин энеси дарыгерлерге кайрылган. Алгачкы медициналык текшерүү учурунда наристенин дене табы көтөрүлгөнү жана заара чыгарууда көйгөйлөр бар экени аныкталган.

Ал эми, рентген аппаратынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында наристенин денесинде 16 ийне бар экени белгилүү болгон. Анын кесепетинен наристе 2 айдан бери кыйналып жүргөн. Эне жана бала Ташкент шаарына жөнөтүлүп, наристеге операция жасалган эле.

chaqaloq-2

Балдар хирургиясы борборунун жетекчиси, профессор Хабибулла Акиловдун айтымында, ийнелер дененин ар кайсы жеринде: жоон ичегиде, табарсыкта, көкүрөктө, моюнда, омурткада жана жүрөктүн астында болгон.

«11 айлык наристеге 9 саат операция жасалды. Хирургдардын командасы экиге бөлүнүп, алгач ичинен жана мойнунан 9 ийнени алып чыгышты. Андан кийин кардиохирургдардын, жүрөк кан-тамыр дарыгерлеринин командасы иштеди», - деген ал.

chaqaloq-3

Наристенин энесинин айтымында, жолдошу Россияда иштегендиктен баласы экөө өзүнүн апасы менен жашап жатышкан. «Үйдө баламды өзүм карайм жана башка бирөөлөргө караткан эмесмин. Ийнелер анын денесине кантип киргенин билбейм», - деди ал.

Дарыгерлер наристе ийнени жутуп албаганын билдиришкен. Себеби анын кызыл өңгөчү жана ичи жабыркаган эмес. Алар наристенин денесине ийнелер атайын киргизилиши мүмкүн экенин айтышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10233
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×