Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Астанадагы катуу суукта жука кийинген студент кыз бутун үшүккө алдырды

Turmush -  Казакстандын Астана шаарында көчөгө жука кийинип чыккан студент кыз I-II даражадагы үшүк алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар дарыгерлерге шилтеме берүү менен кабарлады.

Дарыгерлердин айтымында, жаш кыз 23-январда ооруканага түшкөн.

«Анын эки санынын алдыңкы бөлүгүн үшүк алган. Ага I-II-даражадагы үшүк деген диагноз коюлду. Бейтапка тиешелүү жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылды», - дешти алар.

Учурда студент кыз ооруканага жараатын таңдыруу үчүн келип жатат.

Буга чейин социалдык түйүндө Астанада бутун үшүккө алдырган студент кыздын сүрөтү жарыяланган. Колдонуучулар ал катуу суукта эшикке жука кийим (капрон колготки) менен чыкканын айтышкан.

26992344_1816181838456871_8359241135239715605_n

Синоптиктердин айтымында, алдыдагы үч суткада Казакстанда катуу суук сакталып турат. Учурда Астана шаарында күндүз абанын төмөнкү температурасы -34 градус болуп жатат. Кечээ, 24-январда Казакстандын түндүгүндө жана чыгышында абанын төмөнкү температурасы -35 градуска жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3348
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×