Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Түштүк Кореяда оорукана өрттөнүп, 33 адам көз жумду

Turmush -  Түштүк Кореяда ооруканада өрт чыгып, анын кесепетинен 33 адам каза болуп, 80 адам жабыр тартты. Бул тууралуу Yonhap агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, өрт бүгүн, 26-январда саат 07:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча) Мильян шаардык ооруканасынын биринчи кабатында чыккан. Өрт 1 саат 40 мүнөттө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт кырсык учурунда ооруканада 200гө жакын адам болгону айтылууда. Учурда өрттүн себеби аныкталып жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт имараттын биринчи кабатындагы шашылыш жардам бөлүмүнөн чыккан.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин кырсыкка байланыштуу өкмөттүн ыкчам кеңешмесин чакырды. Оорукананын бейтаптары жакынкы медициналык мекемелерге которулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1165
×