Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Москвадагы ооруканада 33 жаштагы кыргызстандык киши көз жумду. Анын жанындагы кыз унаа сүзгөндө үзүлгөн

Turmush -  Россияда автоунаа сүзүп кеткен 33 жаштагы Бекташ Рахманов кечээ, 25-январда ооруканада көз жумду. Ал Оштогу Кара-Суу районунун Кенжебек айылынын тургуну болчу.

Маркумдун туугандары денени айылына алып келүү үчүн материалдык жардамга муктаж болуп жатканын айтууда.

Жол кырсык 11-январь күнү Москва шаарындагы көчөдө болгон. Жол тазалоочу болуп эмгектенип жүргөн Бекташ окуядан кийин комада жаткан эле.

Кийинчерээк бул кырсык тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги такталган маалымат таратты.

Маалыматта айтылгандай, 11-январда түн ичинде болгон кырсык учурунда Бекташтын жанындагы жаш кыз каза болгон. Алар жолдон өтүп бара жатканда унаа сүзгөн.

«Бул жол кырсык боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык тиешелүү бөлүмү тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Учурда денени айылына жеткирүү үчүн каражат топтоо улантылууда. Биздин кызматкерлер денени жеткирүү кызматынын баасына байланыштуу сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатышат», - деп айтылат элчиликтин бидирүүсүндө.

Маркумдун эжеси Гүлнаранын телефон номуру: +79251173285.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2218
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×