Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 26.01.2018 13:16 На русском

Өзбекстанда денесинен 13 ийне алынган наристе тирүү, - министрлик

Turmush -  Өзбекстанда денесинен 16 ийне табылган 11 айлык наристе тирүү, бирок абалы оор. Бул тууралуу kun.uz басылмасы Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган министрлик 11 айлык наристенин көз жумгандыгы тууралуу 24-январда тараган маалыматты четке какты. Учурда наристеге байланыштуу абалды Фергана облусунун прокуратурасынын жетекчилиги астында жумушчу топ карап жатат.

Маалыматта белгиленгендей, наристенин абалы оор бойдон калууда жана дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат.

Буга чейин Демократия жана адам укуктары институтунун директору Сайера Ходжаева социалдык түйүндөгү баракчасына аталган наристенин көз жумганын жазып чыккан.

«11 айлык наристе денесинен ийнелерди алуу боюнча операциядан кийин көз жумду», - деп жазган С.Ходжаева.

Өзбекстандын Фергана облусунда жаш үй-бүлөнүн 11 айлык баласынын денесинен 16 ийне табылганын kun.uz басылмасы маалымдаган болчу. Маалыматка караганда, тынчсызданган наристенин энеси дарыгерлерге кайрылган. Алгачкы медициналык текшерүү учурунда наристенин дене табы көтөрүлгөнү жана заара чыгарууда көйгөйлөр бар экени аныкталган.

Ал эми, рентген аппаратынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында наристенин денесинде 16 ийне бар экени белгилүү болгон. Анын кесепетинен наристе 2 айдан бери кыйналып жүргөн. Эне жана бала Ташкент шаарына жөнөтүлүп, наристеге операция жасалган эле.

chaqaloq-2

Балдар хирургиясы борборунун жетекчиси, профессор Хабибулла Акиловдун айтымында, ийнелер дененин ар кайсы жеринде: жоон ичегиде, табарсыкта, көкүрөктө, моюнда, омурткада жана жүрөктүн астында болгон.

«11 айлык наристеге 9 саат операция жасалды. Хирургдардын командасы экиге бөлүнүп, алгач ичинен жана мойнунан 9 ийнени алып чыгышты. Андан кийин кардиохирургдардын, жүрөк кан-тамыр дарыгерлеринин командасы иштеди», - деген ал.

chaqaloq-3

Наристенин энесинин айтымында, жолдошу Россияда иштегендиктен баласы экөө өзүнүн апасы менен жашап жатышкан. «Үйдө баламды өзүм карайм жана башка бирөөлөргө караткан эмесмин. Ийнелер анын денесине кантип киргенин билбейм», - деди ал.

Дарыгерлер наристе ийнени жутуп албаганын билдиришкен. Себеби анын кызыл өңгөчү жана ичи жабыркаган эмес. Алар наристенин денесине ийнелер атайын киргизилиши мүмкүн экенин айтышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×