Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Видео — Казакстандагы катуу сууктан чабан койлору менен тирүүлөй тоңуп калды

Turmush -  Казакстандын Маңгыстау облусунда катуу сууктан улам жергиликтүү чабан койлору менен тирүүлөй тоңуп калды. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

Маалым болгондой, койчу талаадан койлорун айдап келе жатканда тоңгон. Койлордун кээ бири кардын алдында калган. Милиция кызматкерлери тирүү койлорду кардын алдынан алып чыгууга аракет кылууда.

Синоптиктердин айтымында, алдыдагы үч суткада Казакстанда катуу суук сакталып турат. Учурда Астана шаарында күндүз абанын төмөнкү температурасы -34 градус болуп жатат. 24-январда Казакстандын түндүгүндө жана чыгышында абанын төмөнкү температурасы -35 градуска жеткен.

Буга чейин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Казакстандагы катуу сууктан тоңуп өлгөн үй жана жапайы жаныбарлардын видеосун жарыялашкан.

Парламенттин депутаты Берик Дүйсембинов ички иштер министри Калмуханбет Касымовго бороон жана катуу суук тууралуу эскертүү берген иш-чараларды даярдоо боюнча кайрылуу жасады.

«Бул күндөрү Казакстанда жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирген аномалдуу суук болуп жатат. Социалдык түйүндөрдө үй жана жапайы жаныбарлардын сууктан тоңуп өлгөн видеолору жарыяланууда. Кыш мезгилинен баштап куткаруучулар жергиликтүү аткаруу органдары жана жол кызматы менен бирге кар күрткүсүнөн 5 500дөн ашык адамды алып чыгышты. Алардын ичинен 439у жаш балдар», - деди Б.Дүйсембинов палатанын отурумунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 60261
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
007azgalor
23:39, 26 января 2018
Емаё..
Нет аватара
sterva
22:40, 26 января 2018
Чабана жалко...
Нет аватара
11111
16:12, 26 января 2018
Ходят руки в карманах все командиры.
Нет аватара
altyn12
15:55, 26 января 2018
budtechelovechney
Казахи кыйын спасает от холода голода
Нет аватара
lagmanshow
15:38, 26 января 2018
Ажал
аватар
budtechelovechney
15:12, 26 января 2018
В прошлом году еще видели это видео
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×