Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 26.01.2018 17:03

Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков Ирандагы эл аралык турнирде алтын тагынды

Turmush -  Кыргызстандын спортчусу Каныбек Жолчубеков Иранда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Takhti Cup 2018 эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду.

Маалым болгондой, аталган турнир 25-январда Бендер-Мехшехр шаарында башталган.

К.Жолчубеков 60 кг чейинкилер арасында күч сынашып, алгачкы раундду ийгиликтүү жыйынтыктаган. Ал жарым финалда казакстандык спортчу Дастан Жарлыхановду 11:1 эсебинде утуп алды. Ал эми, финалда кыргызстандык балбан ирандык Мехрдад Мардани менен күрөшүп, 6:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Аталган медаль Кыргызстан үчүн Takhti Cup турниринин тарыхындагы алгачкы байге болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×