Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 30.01.2018 11:02 На русском

Ислам Каримовдун небереси Англиядан башпаанек сурады

Turmush -  Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу небереси — 25 жаштагы Ислам Каримов Англиянын өкмөтүнөн башпаанек сурап кайрылды. Бул тууралуу анын жактоочусуна шилтеме берүү менен Би-Би-Синин өзбек кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Ислам Каримов башпаанекти 1 ай мурда сураган. Ал азыркы учурга чейин Англияда жашап жатат. Апасы Гүлнара Каримова азыр Өзбекстанда үй камагында. Ага 2015-жылы салык төлөөдөн ооп кетүү, карактоо беренелери менен айып тагылып, 5 жыл эркинен ажыратылган.

Гүлнара Каримова биринчи уулун төрөгөндө ысымын президент атасы Ислам Каримовдун урматына Ислам деп атап, өзүнүн фамилиясын берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×