Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 30.01.2018 12:58 На русском

Россияда кыргызстандык 2 адам чатакташып, бири экинчисине бычак сайды

Turmush -  28-январда Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык адам шеригине бычак менен жаракат келтирди. Бул тууралуу «Невские Новости» билдирди.

Маалыматка караганда, жаракат алган адам дагы кыргызстандык болгон. Ал көкүрөгүнө бычактан алган жаракаттан улам ооруканага жеткирилди. 1986-жылы туулган адам спирт ичимдигин ичип отуруп 1983-жылы туулган шериги менен чатакташа кетип, ага бычак сайган. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×