Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Рустам Иноятов кызматынан бошотулду

Turmush -  Кечээ, 30-январда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси, генерал-полковник Рустам Иноятов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өзбекстандык ЖМКлар маалымдады.

Маалыматка караганда, анын кызматынан түшкөндүгү бүгүн, 31-январда президент Шавкат Мирзиеевдин күч түзүмдөрү менен өткөргөн селектордук жыйында белгилүү болду. 73 жаштагы Рустам Иноятов аталган кызматта 23 жыл иштеген. Анын ордуна Өзбекстандын башкы прокурору Ихтиер Абдуллаев дайындалды. 52 жаштагы Ихтиер Абдуллаев башкы прокурорлук кызматта 2015-жылдын 21-апрелинен бери иштеп келе жаткан болчу.

Өзбекстандын башкы прокурору болуп, мурда президенттин кеңешчиси болуп иштеген 42 жаштагы Отабек Муродов дайындалды.

Рустам Иноятов мурдагы президент Ислам Каримов көз жумгандан кийин бийликте калган саналуу адамдардын бири болчу. 2017-жылдын 22-декабрында президент Шавкат Мирзиеев күч түзүмдөрүн, анын ичинде Улуттук коопсуздук кызматын кескин сынга алган эле.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1727
×