Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту (кыргызстандык делегациянын курамы)

Turmush -  Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда расмий иш сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушту. Жолугушуу Душанбе шаарындагы Улуттар ак сарайында уюштурулду, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн. Жолугушуу алдында ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Эки өлкөнүн лидерлери кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Жолугушууга чейин С.Жээнбеков Тажикстандын улуттук жана кайра жаралуу комплексинде болуп, тажик мамлекетинин түптөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүл койгон.

С.Жээнбековду Душанбе шаарындагы аэропорттон Тажикстандын премьер-министри Расулзода Кохир тосуп алган.

Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегациясынын курамы:
- Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;

- Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева;

- Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов;

- Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев;
- Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев;

- Жогорку Кеңештин депутаты Алмасбек Акматов;

- транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;

- экономика министри Артем Новиков;

- айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев;

- саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев;

- Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;

- Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев;

- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов.

Делегацияны коштогондор:

- өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров;

- президенттин кеңешчиси Жениш Разаков;

- президенттин жардамчысы Эрнис Толтоев;

- Президенттик аппараттын маалымат кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева;

- өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев;

- өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов;

- өкмөттүн жана президенттин иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев;

- тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова;

- Улуттук коомсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы рангындагы 9-кызматтын башчысы Дамир Мусакеев;
- «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын башчысы Айбек Калиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2260
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×