Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Кыргызстандын өкмөт башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков Казакстан Республикасынын Алмата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Бүгүн, 2-февралда өтүүчү жыйында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, интеграциялык биримдикти өнүктүрүү жана анын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү маселелерин карашат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мындан тышкары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык абал, Биримдиктеги өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүү, агро-өнөржай комплексинин абалы жана келечекте ЕАЭБди өнүктүрүүгө байланыштуу башка максаттар талкууланат. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Ушул эле күнү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны алкагында С.Исаков «Ааламдашуу заманындагы санариптик күн тартип» форумуна катышат. Форумдун ишине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, эл аралык эксперттер жана башкалар катышуусу күтүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 912
Көп окулду
×