Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Кыргызстан менен Россиянын өкмөт башчылары Алматада жолугушту

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 2-февралда Казакстандын Алмата шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынында Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу темалары талкууланды. Премьер-министр Сапар Исаков Дмитрий Медведевди Россиянын Евразиялык экономикалык биримдикте 2018-жылы төрагалык кылуусу менен куттуктады.

«Россиялык тараптын баардык демилгелери жана идеялары келечекте Биримдиктин чыңдалышы үчүн өз пайдасын тийгизээрине ишеним билдирем», - деп белгиледи Исаков.

Өкмөт башчылар эл аралык санариптик күн тартиптин акыркы тенденцияларын, соода-экономика, илимий-техника жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча чараларды, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чараларды талкуулады.

Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоого багытталган маселелердин баардык тармактары боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1187
Көп окулду
×