Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

UFC: Валентина Шевченко атаандашын баш көтөрткөн жок (видео, фоторепортаж)

Turmush -  Бүгүн, 4-февралда Бразилиянын Белем шаарында UFC кезектеги турнирин өткөрүп, 57 кг чейинки салмак даража боюнча кыргызстандык Валентина Шевченко беттешке чыкты. Бул анын жаңы салмак даражадагы биринчи беттеши. Шевченко буга чейин UFC алкагында 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу жеңишке жетишкен.

Анын атаандашы «Зомби» каймана аттуу бразилиялык Присцилла Качоейра (29 жашта) болду. Бул анын UFC алкагындагы дебюттук беттеши. Буга чейин ал 8 жолу беттеш өткөрүп, 8 жолу жеңишке ээ болуу менен UFC алкагында беттешүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Бүгүнкү беттеш 4 мүнөт 25 секундга чозулду. 1-раундда эле Валентина атаандашын баш көтөртпөй, башка мээлеген сокку менен канжалаткан абалда кармап турду. Экинчи раунддун башында атаандашынын башына катуу соккуну улантуу менен тейкдаун ыкмасында активдүүлүгүн күчөттү. Жыйынтык — Валентинанын жеңиши жана «Зомбинин» карьерасындагы алгачкы жеңилүү.

Беттештен кийин Валентина бул анын карьерасынын башталышы экенин белгилеп, чемпиондук титулга байланыштуу суроого аракет кыларын айтып жооп узатты. Рингде жеңүүчүнүн урматына Кыргызстандын жана учурда Валентина жашап жаткан Перунун желектери желбиреди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4567
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
kzhglbk
14:23, 05 февраля 2018
Поздравляем, Валентина Шевченко!!!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×