Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Өзбекстан 7 өлкөнүн жарандары үчүн виза тартибин жокко чыгарды

Turmush -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен ушул жылдын 10-февралынан тарта өлкөдө 7 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз тартип киргизилет. Эми Израиль, Индонезия, Корея Республикасы, Малайзия, Сингапур, Түркия жана Япониянын жарандарына аталган өлкөдө 30 күн визасыз жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Маалым болгондой, муну менен Өзбекстанда визасыз режим киргизилген өлкөлөрдүн жалпы саны 16га жетти. Учурда визасыз режимди 9 өлкөнүн — Азербайжан, Армения, Беларусь Республикасы, Грузия, Казакстан, Молдова, Россия, Украина жана Кыргызстандын жарандары колдонуп жатат (60 күнгө чейин). Ошондой эле, Өзбекстандын жарандары аталган өлкөлөргө визасыз кире алышат.

Мындан тышкары, президенттин ушул эле жарлыгында 10-февралдан баштап 39 өлкө үчүн туристтик визаларды жөнөкөйлөштүрүү менен жол-жоболоштуруу каралган. Муну менен Өзбекстанда жөнөкөйлөштүрүлгөн виза режими киргизилген өлкөлөрдүн саны 51ге жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1939
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×