Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Англияда беш туяктуу козу туулду (фото)

Turmush -  Англиянын Дарем шаарындагы фермердин кою беш туяктуу козу тууду. Бул тууралуу Сегодня басылмасы Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, аталган малдын ээси жаңы туулган козунун жашап кетишинен үмүт үзүп, бирок аны Үмүт деп атаган. Фермер козуга эки жума болгондо аны өзүнө калтырууну чечкен.

Козунун бешинчи туягы оң капталында жайгашып, ал эми калган төрт туягы кадыресе малдардыкындай өөрчүгөн. Айрым маалыматтарга караганда, кемтиги менен туулган мындай малдар көпкө жашабайт. Бирок беш туяктуу козуну текшерген ветеринарлар ага эч кандай операция кылуунун кереги жоктугун, анын бешинчи туягы башка органдарына терс таасирин тийгизбей турганын жана көп жашарын айтышкан.

screenshot_3_22

screenshot_1_41

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1892
Көп окулду
×