Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Тажикстанда 1938 мечит жабылып, жарымы жардамга муктаждарга берилди

Turmush -  Тажикстанда 35 дин кызматкери аттестациядан өтпөй, мечиттердин имам-хатиб милдетинен четтетилди. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында өкмөттүн алдындагы дин жана каада-салттарды тартипке келтирүү иштери боюнча комитеттин диний бирикмеси башкармалыгынын жетекчиси Хусейн Шокиров билдирди.

Анын айтымында, имам-хатибдердин милдетинен четтетилишине алардын аттестациялык комиссиянын суроолоруна жооп бере албагандыгы себеп болгон. Бардык суроолор дин кызматкерлерине аттестацияга 20 күн калганда жиберилген.

Маалым болгодой, Тажикстанда имам-хатибдер акыркы 9 жылдан бери аттестациядан өткөрүлүп келет. 2014-жылдан тарта мамлекет тарабынан дин кызматкерлерине 800 сомони (болжол менен 90 доллар) өлчөмүндө айлык маяна берилет.

Ошондой эле, Тажикстандын өкмөтүнүн алдындагы дин жана каада-салттарды тартипке келтирүү иштери боюнча комитет өлкөдө тиешелүү документтери жок болгон 1938 мечит жабылганын билдирди.

Жергиликтүү бийликтин чечими менен алардын бир бөлүгү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө турак жай катары берилсе, башка бөлүгү социалдык мекеме катары колдонулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1190
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×