Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Мекендештер: Нурбек Ибраим уулу Красноярскта жогорку билим алуу менен комуз күүсүн даңазалап жүрөт (видео, фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Россиянын Красноярск шаарында билим алып жаткан 20 жаштагы Нурбек Ибраим уулу. Ал ар кандай маданий иш-чараларда, улуттар аралык фестивалдарда комуз күүлөрүн даңазалап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Сибирь федералдык университетинин Талаа иштери институтунун геология жана геотехнология факультетинде 2-курста окуп жатат. Ал 1-курстан тарта чет өлкөлүк студенттерге комуз күүлөрүн даңазалап жүрөт. Кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду жана анын күүлөрүн чет элдиктерге таанытуу — алдыга койгон максаттарынын бири.

«Бул жакка келгенден баштап окуу жайдын жатаканасында жашап жатам. Учурда айына 2900 рубль стипендия алам. Башка кыргыз студенттериндей эле «Манас» уюмунун мүчөсүмүн. Факультеттер, институттар аралык маданий иш-чараларга дайыма катышам. Иш-чараларда комуз күүлөрүн чертем. Колумдан келишинче күүлөрдү ийинине жеткире аткарууга аракет жасайм. Менин максаттарымдын бири — чет элдиктерге комуз күүлөрүн таанытуу. Бул максаттарыма жетүү үчүн талыкпай эмгектенип жатам. Маданий иш-чараларда, улуттар аралык фестивалдарда комуз чертип, чет өлкөлүк студенттерге жакшы таасир калтыра алдым деп ойлойм. Комуз чертүүнү Өзгөн шаардык балдар музыкалык мектебинде үйрөнгөм», - деди ал.

Нурбек Өзгөн районунун Кайрат айылында өскөн. «Кайрат айылында чоңойдум. Бирок 3-класска чейин ушул эле райондогу Алтыбай айылындагы орто мектепте окудум. Андан кийин өзүбүздүн айылдагы мектепте 7-класска чейин окуп, Куршаб айылындагы гимназияны окуп бүтүрдүм. Учурда билим алып жаткан университетке тестирлөө аркылуу кабыл алынгам. Чет мамлекетте окуу менин бала кезимдеги кыялым болуп саналат», - деди Н.Ибраим уулу.

Ал өзү ээ болгон кесип менен Кыргызстанда иштеп, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууну тилек кылат. «Менин кесибим геолог болгондуктан тоо-таштардагы кендерди изилдөө негизги багыт болуп саналат. Кыргызстанда жумушка орношуу үчүн акча берүү керектиги айтылып жүрөт. Кандай болсо да Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошууну милдетим деп эсептейм. Буюрса ээ болгон кесибим менен Кыргызстанда иштесем деген ниетим бар», - деди ал.

Н.Ибраим уулу үй-бүлөөдө 2 бир туугандын кичүүсү. Анын ата-энеси Кайрат айылындагы мектепте мугалим болуп эмгектенет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1737
×