Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Россияда армениялык ишкер кыргызстандык кызды үйүнө камап, акысыз иштетүүгө шектелүүдө

Turmush -  Россиянын Всеволжск районунун полиция кызматкерлери кыргызстандык кызды уурдоого тиешеси бар деп шектелип жатат.

Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, шаардын полиция бөлүмүндө тинтүү иштери жүрүп жатат. Аталган факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (алдын ала макулдашуу менен адам уурдоо) жана 127-беренесинин (адамдардын тобун мыйзамсыз эркинен ажыратуу) негизинде кылмыш иш козголду. Бул кылмышка ИИМдин бир нече кызматкери жана армениялык жергиликтүү ишкер шектелүүдө.

Кылмыш иш ишкердин дүкөнүндө эмгектенген Кыргызстандын 26 жаштагы жаранынын арызынын негизинде козголду.

«Январь айында дүкөндүн ээси ага акча кем чыкканын айтып, аны акысыз иштөөгө мажбурлаган. Ал кызды дайыма көзөмөлдөп, качып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Андан кийин кызды дүкөндүн ээсинин үйүнө алып келишип, ур-токмокко алышкан. Кыз туугандары менен байланышууга жетишкен. Алар полиция кызматкерлерин чакырган. Бирок полиция кызматкерлери кыздан карызды мойнуна алуу жана аны үйдө кармаганы үчүн дооматы жок экени тууралуу тил кат жаздырып алышкан. Андан кийин кызды көчөгө кууп чыгарышкан», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3109
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×