Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баракелде

Түркмөнстанда окуучу кыздардын кыздык белгиси текшерилип жатат

Turmush -  Түркмөнстандын түндүк-чыгышындагы Дашогуз шаарында, ошондой эле борбордун айрым райондорунда мектеп окуучуларынын телефондору порнографиялык видео жана сүрөттөрдү аныктоо максатында текшерилип жатат. Мындан тышкары, окуучу кыздар гинекологиялык текшерүүгө жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу «Азатлык» радиосу булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Булактардын айтымында, өткөн жумада жергиликтүү билим берүү мекемелеринин, улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, полиция кызматкерлери, ошондой эле дарыгерлер эскертүүсүз сабак учурунда келип, жогорку класстардын окуучуларынын уюлдук телефондорун чогултуп алышкан.

Аталган текшерүү облустук администрациянын башчысынын билим берүү жана маданият боюнча орун басарынын жарлыгы менен жүргүзүлүп жатат.

«Алар эскертүүсүз келип, уюлдук телефондорду чогултуп алышты. Мунун себебин түшүндүрүшкөн жок. Бирок кийинчерээк алар порнографиялык файлдарды издеп жатканы белгилүү болду. Дээрлик бардык окуучунун телефонунан аталган файлдар табылды», - деди Гурбансолтан районундагы мектептин окуучусу.

Анын айтымында, порнографиялык файлдар табылгандан кийин уюлдук телефондор алынып, ата-энелердин катышуусунда окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. «Атамды мектепке чакырып, мындай нерсе дагы кайталанаса, мага карата кылмыш иш ачыларын айтышты», - деди окуучу.

Жергиликтүү булак белгилегендей, окуучу кыздар гинекологиялык текшерүүдөн өттү. «Текшергендердин арасында гинекологдор да бар болчу. Кыздык белгиси жок болгон кыздардын апалары чакырылды. Текшерүүлөрдөн кийин мектептин директору жумуштан алынды», - деди ал.

Дашогуздун жергиликтүү администрациясы текшерүүнүн максаты жана себеби тууралуу билдирүү жасаган жок. Райондук полициянын кызматкери белгилегендей, текшерүүгө акыркы убактарда мектеп жашындагы кыздардын сойкулук менен алектенип жатканы себеп болгон.

Түркмөнстанда жакында эле тасмаларда жана телепрограммаларда жыныстык катнаш, зордук жана жаман сапаттарды көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5423
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×