Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Санкт-Петербургда дайынсыз жоголгон 11 жаштагы кыргызстандык баланын денеси табылды

Turmush -  Россиянын Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы кыргызстандык баланын денеси табылды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон бала Россияга апасы экөө болжол менен 1 ай мурун келген. Анын жоголгондугу тууралуу арыз атасынан — Кыргызстандын 41 жаштагы жаранынан 26-январь күнү кечинде түшкөн. Ал кичи автобустун айдоочусу болуп иштейт. 28-январь күнү Санкт-Петербургдун тергөө комитети 11 жаштагы баланын жоголуусу боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козгогон.

Москва райондук соту 5-февралда тергөө комитетинин өтүнүчүн канааттандырып, баланын 39 жаштагы энеси жана анын 23 жаштагы күйөө баласы камакка алынган. Буга чейин 11 жаштагы баланын жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.

Россиянын ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү координациясы жана Кыргызстандын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлү менен бирге кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам издөө иш-чараларын жүргүздү. Анын жыйынтыгында 6-февраль күнү жоголгон бала өлтүрүлгөнү аныкталып, денеси табылды. Алдын ала маалыматтарга караганда, баланы муунтуп өлтүрүшкөн.

Аталган оор кылмышты жасоого Кыргызстандын 1995-жылы туулган жараны (Ош шаарынын тургуну) Ж.Д. шектелип жатат. Кармалган жигит көз жумган баланын ата-энесинин күйөө баласы экени такталды. Шектүү аны өлтүргөндөн кийин денени унаа менен «Купчино» метросунун артындагы ээн жерге алып барган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, апасынын кылмышка тиешеси бар же жок экени такталып жатат.

Буга чейин Санкт-Петербург шаарында өзүнүн баласын өлтүрүүгө шектелип 39 жаштагы кыргызстандык аял кармалганын «Фонтанка.ру» басылмасы жазып чыккан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4023
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×