Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Акысыз саякаттоонун ыкмасы: Бельгиялык жигит бир тыйынсыз дүйнөнүн 20 шаарын кантип кыдырды? (фото)

Turmush -  Бельгиялык саякатчы Энтони Ботта акысыз саякаттоо үчүн өзүнүн жеке ыкмасын ойлоп тапты. Ал дүйнөнүн 20 шаарын бир тыйын коротпой кыдырып чыккан. Бул тууралуу Сегодня басылмасы Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, 25 жаштагы Энтони Боттаны кызыктырган шаарларды көрүү үчүн ал социалдык тармактар аркылуу 3 миңдей кыздар менен таанышкан. Алардын ичинен 21 кыз бельгиялык жигитке баш калкалоочу жай таап берүүгө макулдугун беришкен. Ошентип, Энтони Бельгия, Нидерланды, Германия, Австрия, Венгрия, Польша, Словакия жана Чехия мамлекеттерине саякаттаган.

Боттанын айтымында, социалдык тармактар аркылуу кыздарга шаарларга саякаттоо кызыктыра турганын айтып, баш калкалоочу жай сурап кат жазып таанышчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3104
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×