Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Екатеринбургда Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулушу мүмкүн

Turmush -  Россиянын Екатеринбург шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулушу мүмкүн. Бул тууралуу «КоммерсантЪ» басылмасы жазып чыкты.

Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыш министри Василий Козлов маалымат жыйында билдиргендей, 9-февраль күнү Екатеринбург шаарына жазуучунун уулу Аскар Айтматов барат. Ал Уралга атасынын эстелигин орнотуу боюнча талкууга катышат. Ошондой эле, аны менен Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жооптуу болгон Кыргызстандын президентинин кеңешчиси барат. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында көчмөндөр оюндарына Свердлов облусунун өкүлдөрүнүн катышуусу талкууланат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1430
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×