Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Адашкан эшек үйдүн шыбынан кулап түштү (видео)

Turmush -  Бразилиядагы үйлөрдүн биринде шыптан эшек кулап түштү. Аталган окуя тартылган тасманы UPI порталы жарыялаганын Lenta.ru басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, эшек Кажазейрас муниципалитетинде жайгашкан үйдүн чатырына чыккан. Анын салмагын карапа көтөрө албай шып тешилип, аталган жаныбар үйдүн ичине кулап түшкөн. Тасмадан эшектин жерге кулап кетпөөгө аракет кылганын жана аны эмоционалдуу түрдө карап жаткан үй ээлерин көрүүгө болот.

Үйдүн ичине кулап түшкөн эшек жабыркаган эмес. Ал эми аны тасмага тарткан адам эшек үйдүн чатырына турак жайдын жанында жайгашкан дөбө аркылуу чыгышы мүмкүн экенин айтууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4345
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×