Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Москвадагы рейд учурунда миграция мыйзамын бузууга шектелген кыргызстандык 44 жаран кармалды

Turmush -  Москва шаарындагы рейд учурунда миграция мыйзамын бузууга шектүү делип Кыргызстандын 44 жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, элчиликтин кызматкерлери кечээ,7-февраль күнү Россиянын ИИМнин Текстильщики аймагы боюнча бөлүмүнө барышкан. Аталган өлкөдө жашоого укуктуу экенин тастыктаган документтерди кароо жана текшерүү учурунда Кыргызстандын 35 жараны кое берилди.

Ал эми, калган 9 жаран миграция мыйзамын бузгандыгы аныкталды. Түзүлгөн протоколдорду кароо учурунда тергөөчү 9 адамдын материалын сот органдарына өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Россиянын мыйзам долбооруна ылайык, миграция мыйзамын бузган жаранга 5 миң рубль айып салынат (кара тизмеге киргизилбейт).

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1027
Көп окулду
×