Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баракелде

Кек алуу: Өлүмүш болгон жарадар карышкыр мергенчиге кол салды (видео)

Turmush -  Казакстанда өлүмүш болгон жарадар карышкыр мергенчиге кол салды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жергиликтүү басылмаларга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, карышкырды өлтүрдүк деп эсептешкен мергенчилер олжону тасмага тартышкан. Алардын арасынан бир аңчы жерде жаткан карышкырды буту менен түрткөн учурда жырткыч жаныбар ордунан атып туруп, мергенчини тиштөөгө аракет жасаган. Тасмадан карышкырдын мергенчини карга жыкканга жетишкенин да көрүүгө болот. Бирок аны өз учурунда жанындагы мергенчилер сактап калышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган окуя февралдын башында болгон. Ал эми карышкыр ошол жерде өлүп, мергенчи жабыркаган эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3413
×