Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баракелде

Америкалык бүтүрүүчү жаңылыштык менен 500 000 долларга байыды

Turmush -  Американын Аризон штатындагы Финикс шаарында юридикалык мектептин бүтүрүүчүсү бир күндүн ичинде 500 000 долларга кокустан ээ болду. Анын банктык эсебине жаңылыштык менен аталган каражат которулган. Бул тууралуу «Сегодня» басылмасы «Gizmodo» басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалым болгондой, Паркер Фокс окуядан бир күн өткөндөн кийин банкка кайрылып, мындай каражатты анын банктык эсебине эч ким которбой тургандыгын айткан.

Депозит «Backpage» сайтынын негиздөөчүсү Майкл Лейстин наамына киргизилип, бирок анда Паркердин эсептик номуру камтылып калган. Жергиликтүү полиция Лейсти акчанын изин жашырууга жана сойкулукка көмөк көрсөтүүгө шектүү катары карап жатышат.

Жакында бүтүрүүчүнүн банктык эсебине түшкөн каражат кылмыш иши боюнча далил катары алынат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2470
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×