Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 25.04.2018 21:36 На русском

Астанада Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум өттү

Turmush -  Казакстандын Астана шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум болуп өттү. Бул тууралуу режиссер Садык Шер-Нияз билдирди.

Форумда жазуучунун чыгармачылыгы жана анын дүйнөлүк маданиятка тийгизген таасири негизги тема катары талкууланды. Иш-чара Казакстандын президентинин администрациясынын колдоосу менен эл аралык Түрк академиясы тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага барган кыргызстандык делегациянын курамына депутат Каныбек Иманалиев, кинорежиссер Болотбек Шамшиев, Жогорку Кеңештин экс-спикерлери — Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурунку статс-катчы Осмонакун Ибраимов, эл артисти Замирбек Үсөнбаев кирип, аны эл өкүлү жана режиссер Садык Шер-Нияз жетектеди.

Форумдун алкагында кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Айтматов» тасманын бет ачары болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×