Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баракелде

Кыргызстандын 30 жаштагы жараны Чечен Республикасында алсыз абалда табылды

Turmush -  Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Кыргызстандын 1988-жылы туулган жараны З.Б.ны издөө жана мекенине кайтаруу маселесин карап чыкты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20-апрель күнү элчиликке А.Б. аттуу жаран Чечен Республикасынын Гудермес шаарындагы бир тууган агасы З.Бнын мекенине кайтуусуна көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

Элчилик тарабынан ыкчам түрдө консулдук бөлүмдүн кызматкери Чечен Республикасындагы элчиликке жөнөтүлүп, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен кызматташуу болгон. Жыйынтыгында З.Б. Чечен Республикасы менен Дагестандын чек арасында алсыз, психологиялык жактан жабыркаган абалда табылды.

25-апрелде кыргызстандык З.Б. элчиликтин кызматкеринин коштоосунда Москва шаарына алынып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилген. Ал эми 26-апрелде Кыргызстанга жөнөтүлмөк.

Ошондой эле элчиликтин кызматкери Россиянын ИИМнин аталган республика боюнча миграциялык кызматынын өкүлдөрү менен жолугуп, чет өлкөлүк жарандарды кармоо борборуна барган. Ал жерде кыргызстандык жарандар жок экени аныкталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1154
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×