Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баракелде

Тарыхый жолугушуу: Ким Чен Ындын кортежин жүгүргөн жан сакчылар коштоп келди (видео)

Turmush -  Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин эки өлкөнү бөлүп турган чек арада тарыхый жолугушуу өткөрүштү. Эки корей өлкөсүнүн лидерлеринин саммитинде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды атайын машыгуудан өткөн жан сакчылардын тобу коштоп келди. Бул тууралуу УНН басылмасы жазды.

«Эки лидердин саммитине Ким Чен Ынды физикалык жактан мыкты даярдыктан өткөн, мылтык атуу, күрөшүү искусствосу боюнча критерийлерге жооп берген жан сакчылар коштоп келди», - деп жазат басылма.

Ким Чен Ын 1953-жылы согуш токтогондон бери Түштүк Кореянын аймагына өткөн биринчи КЭДР лидери болуп калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9538
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×