Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 02.05.2018 09:16 На русском

Москвада достору менен мелдешип, дарыядан сүзүп өтүүгө аракет жасаган кыргызстандык мас жигит куткарылды

Turmush -  Россиянын Москва шаарында куткаруучулар достору менен мелдешип, дарыяны сүзүп өтүүгө аракет жасаган кыргызстандык жаранды алып чыгышты. Ал мас абалда болгонун «Риамо» басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, «Татарово» издөө-куткаруу станциясынын кызматкери сууда жакшы сүзө албаган эркек кишини көргөнүн билдирген. Куткаруучулар кичинекей кеме менен барып, аны суудан алып чыгышкан.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Кыргызстандын 1994-жылы туулган жараны мас абалда достору менен Москва дарыясын сүзүп өтөм деп мелдешкен. Ага биринчи жардам көрсөтүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×