Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 02.05.2018 20:32 На русском

Фейсбуктагы жалгыз бой колдонуучулар үчүн онлайн таанышуу кызматы ачылат

Turmush -  Facebook компаниясы онлайн таанышуу рыногуна чыгып жана жалгыз бой адамдар үчүн өздүк кызматты уюштурууну пландап жатат. Бул тууралуу компаниянын башчысы Марк Цукерберг билдиргенин Reuters басылмасы жазды.

М.Цукербергдин айтымында, учурда 200 миллионго жакын колдонуучу жалгыз бой деп эсептелинет. «Сервис чыныгы жана көп убакка созулган мамилелерге гана багытталат», - деп тактады ал.

Колдонуучуларга таанышуу үчүн өзүнчө профиль ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле сервис колдонуучунун кызыкчылыгы жана тандоосунун негизинде таанышууга адамдарды тандап берет. Бул кызмат акысыз же акы төлөнүүчү болорун жетекчи тактаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×