Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баракелде

Фото — Моңголиялык кол өнөрчү кийизден өлкөдөгү эң чоң шырдакты жасады

Turmush -  Моңголиянын Уверхангай аймагынын жашоочусу Н.Насантогтох өлкөдөгү эң чоң кийизден жасалган килем — шырдакты (монгол тилинде ширдэг) жасады, деп жазды жергиликтүү Монцамэ агенттиги.

Кийизден жасалган килемдин өлчөмү 24х180 метрди түзөт. Н.Насантогтох аны туугандары менен 2014-жылы жасап баштаган. Андан кийин аларга кошуналары да кошулган.

«Биз муну "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк мурасы — Орхан дарыясы" туристтик ассоциациясынын буйрутмасы менен тиктик. Эми ал эл аралык туристтик жармаңке учурунда «Мишель» борборунун көргөзмө залын кооздойт», - деди ал.

Ширдэг — кийизден колго жасалып, сайма түшүрүлгөн моңголдордун улуттук килеми. Ал байыркы технология менен койдун таза жүнүнөн жасалат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1452
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×