Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 03.05.2018 18:25

Түштүк Кореяда таштанды тазалоочу кызматкер урнадан 330 миң долларлык алтын таап алды

Turmush -  Түштүк Кореянын Инчхон аэропортунда таштанды тазалоочу кызматкер акыр-чикир салуучу урнанын ичинен 350 млн вондук (болжол менен 330 миң доллар) алтын куймаларды таап алды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, полиция алтын куймаларын ыргыткан адамдын өздүгүн тактап, бирок анын аты-жөнүн коомчулукка ачыктаган эмес. Укук коргоочулар аталган киши полицияга кармалып калбаш үчүн алтындарды ыргыткан деген жыйынтыкка келишкен. Эгерде табылган алтын уурдалган же кандайдыр бир кылмыш ишине байланыштуу болсо, анда таштанды тазалоочу кызматкер ага болгон укугун талап кыла албайт.

Түштүк Кореяда мыйзам боюнча буюмдун ээси жарым жылдын ичинде анын жоголгондугу тууралуу издөө жарыялабаса, анда буюмдун рыноктук наркы боюнча 5 пайыздан 20 пайызга чейинки үлүшү (16-65 миң доллар) таап алган кишиге берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×