Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баракелде

Видео - Инкассатор унаасынан чачылган миңдеген долларды айдоочулар чогултуп кетишти

Turmush -  Американын Индианаполис шаарында жүрүп бараткан инкассатор унаасынан акчалар чачылды.

Lenta.ru басылмасы Индиана штатынын полициясына шилтеме берүү менен билдиргендей, инкассатор унаасынын эшиги ачылып, анын ичинен капка салынган акчалар чачылып кеткен. Жыйынтыгында унаа жолго миңдеген долларлар учкан.

Чачылган акчаларды жолдогу айдоочулар чогултууга аракет кылып, алардын айрымдары ири сумманы жыйнашкан. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери акчаларды чогултуп жаткан адамдардан аларды кайтарып алышты. Ал эми айрым айдоочулар акчаны жыйнагандан кийин качып кетүүгө жетишкен.

Индиана штатынын полициясы чачылган акчалардын бардыгын кайтарып берүү керектигин эскертти. Аларды кайтарып бербеген жарандарга уурулук беренеси боюнча айып тагылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 41195
Көп окулду
×