Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баракелде

Жеңиш парадына катышкан өзбекстандык ардагерлер жаңылыштык менен Сочиге учуп кетишкен

Turmush -  Россиянын Кисловодск шаарына эс алууга бара турган өзбекстандык ардагерлер жаңылыштык менен Сочи шаарына учуп кетишкен. Аталган шаарда ардагерлерге экскурсия уюштурулуп, андан кийин Кисловодскка жетүүгө жардам берилгенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Жеңиш парадына чакырылган Улуу Ата Мекендик согуштун 7 ардагерине Кисловодск шаарына эс алууга жолдомо берилген. Алар жаңылыштык менен Сочиге билет алып алганы шаардын башчысынын орун басары Эдуард Волковдун билдирүүсүнөн кийин белгилүү болгон.

«Алар билеттерди алмаштырып алып, Сочиге кетип калышкан. Мэрия тарабынан ардагерлерге шарт түзүлүп, Кисловодск шаарына жөнөтүлдү», - деди Э.Волков.

Өзбекстандык делегациянын мүчөсү — 93 жаштагы ардагер Беккул Хамзаев шаар жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4318
Көп окулду
×